Марстын эң чоң бөлүгү болгон метеорит аукцион аркылуу 5,3 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Азырынча сатып алуучунун да, мурдагы ээсинин да аты-жөнү ачык айтыла элек.
Бул метеорит — NWA 16788, анын салмагы 24,67 килограмм жана ал Марстын бетинен астероид менен кагылышуудан улам үзүлүп түшкөн бөлүк болуп саналат. Аны 2023-жылы Сахара чөлүндө табышкан, ал эми 2024-жылы Рим шаарындагы Италиянын космостук агенттигинде коомчулукка көрсөтүлгөн.
Иликтөөлөргө караганда, метеорит Жерге жакында эле келген, анткени анын физикалык жана химиялык курамында өзгөрүүлөр аз.
Марстын бөлүктөрү Жерде сейрек кездешет. Алсак, расмий катталган 77 миң метеориттин ичинен болгону 400ү гана Марс планетасына таандык.