Франция айыл жергесиндеги үйлөрдү 1 еврого сатып алууну сунуштоодо

Француз бийлиги калктын саны азайып кеткен айыл аймактарды жандандыруу максатында атайын программа баштады. XIX кылымдын аягында бул аймактардан көптөгөн тургундар ири шаарларга көчүп кеткен.

Пилоттук долбоор Лион шаарынан 134 чакырым батыштагы Амбер айылында (6,5 миң тургуну бар) ишке ашырылууда. Айрым райондордо бош турак жайлардын деңгээли 60 пайызга чейин жетет.

Үйлөрдүн абалы начар болгондуктан, аларды 1 еврого сатууда. Үй сатып алган адам толук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшү керек. Бул үчүн өкмөт грант жана төмөн пайыздык кредит түрүндө жардам көрсөтүүнү пландоодо. Мисалы, Пикардия аймагында айылдардагы эски үйлөрдү сатып алгандарга 5 миң еврого чейин компенсация сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан