U-23: Бишкекте Кыргызстан менен Сирия курамаларынын беттеши башталды (фото, видео)

Бүгүн, 17-июль күнү U-23 арасындагы эл аралык футбол мелдешинин алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы өзүнүн алгачкы оюнун Сирияга каршы баштады.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүүдө.

Ал эми стадиондун эшиктери 18:00дө ачылып, коноктокторго концерттик жана оюн-зоок программалары тартууланды.

Ошондой эле саат 20:00дө Беш-Күңгөй айылынын «Достук Арена» футбол клубунда Оман менен Бахрейндин курамаларынын да беттеши башталды.

Белгилей кетсек, мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

футбол1
футбол2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан