Эсеп 1:0. Сирия курамасы Кыргызстандын дарбазасына гол киргизип, эсеп санын ачты (фото)

Бүгүн, 17-июлда U-23 арасындагы эл аралык футбол мелдешинин алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы менен Сириянын командасы оюн талаасына чыкты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп жаткан беттеште Сирия курамасы эсеп санын ачып, бир гол киргизди.

Азырынча Кыргызстандын курамасы гол жарата элек.

Белгилей кетсек, мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан