Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо министрине бардык ооруканаларга адамдын жүзүн тааныган видеобайкоолорду орнотууну сунуш кылганын билдирди.
"Бир жумада дарыгерлерди сабаган 2 учур катталды. Бул жаман көрүнүш экени анык жана аны менен күрөшүү керек. Видеобайкоолор ИИМдин кырдаал борборуна туташтырылышы керек. Ошондо милиция дарыгерлерге болгон агрессияга тез чара көрө алат.
Ошондой эле жарандар мыйзамдарды катаалдатып, медицина кызматкерине күч колдонгону үчүн жоопкерчиликти караштырууну суранышууда. Мындай аракет Жогорку Кеңеште да болгон. Бирок бул демилге милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуу менен бирге ишке ашты. Демилге бардык нерседен бөлүнүп, өзүнчө каралышы керек",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыгер сабалган учур катталды. Милиция медицина кызматкери менен бейтап арыз жазуудан баш тартып коюшканын билдирди.