Бразилиянын президенти: "Трамп өзүн дүйнөнүн императору деп эсептебеши керек"

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүн дүйнөнүн императору деп эсептебеши керек. Бул чет элдик өнөктөштөрдүн көз карашы боюнча да, америкалык шайлоочулардын позициясы боюнча да кабыл алынгыс. Бул тууралуу Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва CNN International телеканалына берген маегинде билдирди.

"Биз президент Трамптын дүйнөнүн императору болуу үчүн эмес, Кошмо Штаттарды башкаруу үчүн шайланганын унутушуна жол бербешибиз керек",- деди ал.

Бразилия лидери ошондой эле АКШ президенти 200 жылдан бери келе жаткан эки тараптуу мамилелерди бузуп жатканын айтты.

Буга чейин Трамп 1-августтан тарта бразилиялык товарларга 50 пайыздык бажы алымдарынын киргизилишин жарыялаган. Лула да Силва киргизилген тарифтерге жооп болорун эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан