Баткенде чек арадан көчүрүлгөн жарандар үчүн 257 турак үй курулууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен районунун Бужум аймагында курулуп жаткан жаңы Достук айылындагы турак жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүк маалымдады.

Жаңы конушта 181 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Учурда чатыр жабуу, ички жасалгалоо жана жылытуу системин орнотуу иштери жүрүүдө. Ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоого ыңгайлуу шарттар каралган. Курулушту 2025-жылдын октябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.

Айбек Шаменов курулуш сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоону талап кылды.

Жаңы Достук айылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштеринин негизинде көчүрүлгөн жарандар үчүн курулууда. Мындан сырткары, Лейлек районунда дагы 76 турак үй салынып жатат.

Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунда чек ара маселелеринен улам көчүрүлгөн жарандар үчүн 257 үйдүн курулушу жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан