Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда милиция кызматкери көлгө чөгүп бараткан жаш өспүрүмдөрдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июлда Боз-Бешик айылындагы пляж аймагында болгон. Анда милициянын кенже лейтенанты Алишер Турусбеков эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрүп, көл жээгинен болжол менен 30-40 метр алыстыкта өспүрүмдөрдүн чөгүп баратканын байкап калып, дароо жардам колун сунган.
Натыйжада ал эки баланы өз күчү менен аман алып чыкканга үлгүргөн. Калган үч өспүрүмдү ошол жерде жүргөн эс алуучулар менен биргеликте куткарууга жетишкен.
Куткарылган жаш өспүрүмдөр Каракол шаарынын 13-14 жаштагы тургундары экени аныкталды. Балдардын ата-энелери милициянын кенже лейтенанты Алишер Турусбековго ыраазычылыктарын билдиришкен.
Облустук милиция текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган пляжда суу алдындагы кооптуулук боюнча эскертүү белгиси жок экени аныкталганын белгиледи. Сууда күтүүсүз тереңдеп кеткен жер болгон.
Аталган факт каттоого алынып, тийиштүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.