Казакстанда медицина кызматкерлерине карата зомбулуктун жаңы учурлары катталды. Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, жарандарды дарыгерлерге карата агрессияны токтотууга чакырды.
Караганда шаарында жеке клиниканын медайымына кол салуу болду. Ал эми Костанайда облустук оорукананын урология бөлүмүнүн жаш хирургу катуу токмоктолду. Окуя бейтап өзүнүн кезегин күтүүдөн баш тарткандан кийин болгон. Натыйжада дарыгер оор жаракат алып, эс-учун жоготкон. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө.
«Күн сайын өмүр сактап жаткан адамга кол көтөрүш үчүн канчалык таш боор жана агрессивдүү болуу керек? Тынчтык мезгилинде да дарыгерлер жумуш ордунда өмүрүн тобокелге салып жатканы абдан өкүнүчтүү. Бул акылга сыйбаган жана таптакыр жол берилбеген көрүнүш. Бул кылмыш — ондогон кабыл алынбаган бейтаптар, кечиктирилген операциялар, бүтүндөй системага сокку», — деди Альназарова.
Казак өкмөтү кабыл алуу бөлүмдөрүнө, балдар ооруканаларына жана перинаталдык борборлорго 24 сааттык күзөт коюуну чечти. Ошондой эле бул мекемелер видеокөзөмөл менен, сигнализация баскычтары жана башка коопсуздук чаралары менен камсыздалат.
Костанайдагы жабыркаган хирургду куткаруу үчүн аны санитардык авиация менен Улуттук шашылыш медицина борборуна жеткирүү уюштурулат.
Окуя 17-июль күнү болгон. Хирург операциядан кийин бейтаптарды кабыл алуу үчүн кабылдоо бөлүмүнө барган. Кезек күтүп жаткан эркек киши аны уруп жиберген, натыйжада дарыгер эс-учун жоготкон. Азыр хирург жандандыруу бөлүмүндө оор абалда.