Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Германияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Жайкы Универсиадада алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында кабарланды.
Алгачкы жарышта 100 метрлик брасс ыкмасы боюнча Петрашов 1 мүнөт 0,63 секунд жыйынтык көрсөтүп, жалпы протоколдо 3-орунду ээлеп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда кыргызстандык спортчу 1 мүнөт 0,27 секунд убакыт менен 5-орунду ээледи.
Ал эми финалдык сүзүүдө 59,32 секунд жыйынтык көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Белгилей кетсек, бул аралыкка жалпысынан 56 спортчу катталган.
Жайкы Универсиада 16–27-июль күндөрү Рейн-Рур шаарында өтүүдө. Бул мелдешке Кыргызстандын курама командасы сүзүү, таэквондо, дзюдо, жеңил атлетика жана стол тенниси боюнча катышууда.