Эдил Байсалов Тогуз-Торо районундагы социалдык объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышты (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы бир катар социалдык объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.

Кара-Суу айылында Байсалов «Кара-Суу айылдык аялдар кеңеши» коомдук бирикмесинин иши менен таанышып, жакында курулган айылдык китепкананы көрүп чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө ал А.Жакишов атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, А.Сыдыков атындагы райондук Маданият үйүнө жана «Аракет» реабилитациялык борборуна да барды.

Социалдык объекттер менен таанышуу жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын жана сапатын жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмалар тийиштүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан