Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала өлкөгө кайтарылды

Бүгүн, 19-июлда Орусиянын аймагында ата-энесинин камкордугусуз калган төрт кыргыз бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги менен бирге уюштурулган.
Кайтарылган балдардын ичинен экөө жакын туугандарына өткөрүлдү, калган эки бала Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Министрлик тарабынан бул балдардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
"Министрлик чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган жаш жарандарды коргоо жана мекенине кайтаруу боюнча иш-чараларды мындан ары да улантат, ошондой эле бул багытта тиешелүү мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөөнү улантат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2025-07-19 16:19:00
Багып алам дегендерге беришсе жакшы болмок барсаң тоодой документ керек дейт анан очеред мага кыз бала керек эле багып алганы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан