Вьетнамда бороондуу аба ырайынын кесепетинен туристтерди ташып бараткан яхта оодарылып, андан кеминде 34 адам каза болду. Дагы бир нече адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык өлкөнүн түндүгүндөгү Ханойдон 150 чакырым алыстыкта жайгашкан, туристтер көп барган Халонг булуңунда болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондордун көбү Ханойдон келген вьетнамдык туристтер болгон.
Куткаруучулардын айтымында, кээ бир адамдарды сактап калууга мүмкүн болду, бирок нөшөрлөгөн жаан издөө иштерин кыйындатууда. Азырынча 11 адам аман-эсен сууга түшүп кеткен жерден табылып, куткарылды.
Вьетнамдын чек ара кызматынан жана аскер-деңиз күчтөрүнөн билдиришкендей, Wonder Seas аттуу кеме бороон чапкындан улам капысынан оодарылып кеткен. Кеменин бортунда 53 киши болгон.