Ошто 17 жыл вагондо жашаган үй-бүлө үйлүү болушту (видео)

Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн астында вагондо 17 жылдан бери жашап келе жаткан 67 жаштагы Акболуш Эржигитов менен Базаргул Эржигитова үйлүү болушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы шаар кыдыруусунда көпүрө астындагы кичинекей вагондо жашаган үй-бүлөгө көзү түшүп, ал абалын сурап билген соң, 2-3 күн аралыгында батирлүү кылып, көчүрүп кетүүнү убадалаган.

Кечээ, 19-июлда шаар мэри убадасын аткарып, бул үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир алып берип, ачкычын тапшырды. Буга чейин вагондо Акболуш Эржигитов келинчеги жана кызы, эки небереси менен жалпы беш адам жашап келген.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан