Песков: "Путин менен Трамптын жолугушуусу зарыл"

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу зарыл экенин айтты.

«Бул жолугушуу мүмкүн, убактысы келгенде сөзсүз болот. Ал зарыл», — деди Песков.

Кремлдин өкүлүнүн айтымында, эки мамлекет башчысынын жолугушуусу «убагы келгенде сөзсүз болот».

Песков белгилегендей, Путин менен Трамп жеке жолугушууда чоң макулдашууларга жетише алышат, бул көп эмгектин жыйынтыгы болот. Бирок азырынча андай учур келе элек.

18-июлда The Times басылмасы Трамп, Путин жана Си Цзиньпин сентябрь айынын башында Кытайда жолугушуусу мүмкүн экенин жазды.

Макалада айтылгандай, АКШ президенти Кытай жана Орусия лидери менен саммиттин алкагында жолугушууга чакырылышы ыктымал. Бул жолугушуу Вашингтон менен Бээжиндин ортосунда бир катар соода келишимдерине жетишилгенден кийин уюштурулушу ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан