Тибетте дүйнөдөгү эң ири ГЭС курула баштады

Кытай Тибетте дүйнөдөгү эң чоң гидроэлектр станциясын кура баштады. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги билдирди.

ГЭС Тибеттин түштүк-чыгышында жайгашкан Ярлунг-Цанпо дарыясынын төмөнкү агымында курулууда. Курулушту баштоо тууралуу тапшырманы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян берген. Жалпы инвестиция көлөмү 167 миллиард долларды түзөт.

Курулуш менен алектенген Power China компаниясынын маалыматына ылайык, бул гидроэлектр станция жылына 300 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрө алат. Электр энергиясынын басымдуу бөлүгү Тибеттен тышкары аймактарга экспорттолот.

Учурда дүйнөдөгү эң ири ГЭС болуп саналган “Санься” (Үч тарык) станциясынын кубаттуулугу 22,4 миллион киловатты түзөт. Ал эми жаңы курулуп жаткан станциянын кубаттуулугу 60 миллион киловаттка жетет.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, бул долбоор Кытай менен Индиянын ортосунда чыңалууну жаратышы мүмкүн. Себеби Ярлунг-Цанпо дарыясы талаштуу Аруначал-Прадеш аймагынан өтүп, Индиядагы эң ири дарыялардын бири болгон Гангга кошулат. Индия жана Бангладештин бийлиги бул ГЭС дарыянын төмөнкү агымдарында суунун жетишсиздигине же каптоолорго алып келиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Мындан тышкары бул аймакта улуттук жаратылыш коругу жана Кытайдагы эң бай биологиялык ар түрдүүлүккө ээ болгон райондордун бири жайгашкан. Кытайлык экологдор ГЭСтин курулушу айлана-чөйрөгө кайтарылгыс зыян алып келиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан