Дарыгерлер өлдү деп жарыялаган Италиядагы Таркиниянын тургуну жарым сааттан кийин ойгонгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 78 жаштагы карыянын жүрөгү токтоп калган. Аны жандандыруу аракетинен майнап чыкпай, дарыгерлер жакындарына анын өлүмүн жарыялашкан. Анын сөөгүн үйүнө катафалк алып кетип бара жатканда пенсионер көзүн ачып, дарыгерлер менен сүйлөшүүгө аракет кылган.
Ал киши кайрадан ооруканага жаткырылды, абалын туруктуу деп баалап жатышат.