Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасап, Киев Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштоо демилгесин көтөргөнүн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Зеленскийдин айтымында, Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров Москвага келерки аптада жыйын өткөрүүнү сунуштады.
"Сүйлөшүүлөрдүн динамикасын тездетүү керек. Ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн бардыгын жасоо шарт. Ал эми орус тарап чечимдерден жашынууну токтотушу кажет.
Туткундарды алмаштыруу. Балдардын кайтып келиши. Өлтүрүүлөрдү токтотуу. Ал эми бизге тынчтыкты чындап камсыз кылуу үчүн лидерлердин деңгээлиндеги жолугушуу керек – чыныгы узак мөөнөттүү. Украина мындай жолугушууга даяр",- деди украин лидери.
Орус тарапка жолугушууну так кайда жана качан өткөрүү сунушталганы айтылган эмес. 2-июнда жана 16-майда Стамбулда Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу шарттарын талкуулоо боюнча орус жана украин делегацияларынын буга чейинки жолугушуулары өткөн.