Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Красное Село айылында токойдо кызды зордуктоого шектелген жашы жете элек өспүрүм кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 19-июль күнү өспүрүм дүкөндүн жанынан 22 жаштагы кызга кол салып, анын бетине газ баллон чачып, андан соң токой тилкесинде зордуктаган. Окуяны көргөн кошуна үйдүн жашоочулары милиция кызматкерлерин чакырып, өспүрүм кармалган.
Кошумчалай кетсек, мындан бир нече саат мурун ошол эле өспүрүм дүкөндө 59 жаштагы аялга кол салып, аны зордуктоого аракет кылган, бирок аны сигнализациянын үнү сактап калган. Бала качып кеткени жетишкен.
Жашы жете элек балага эки берене боюнча айып тагалды. Алар: зордуктоого аракет кылуу (30-берененин 3-бөлүгү, 131-берененин 1-бөлүгү) жана зордуктоо жана зомбулук көрсөтүүчү сексуалдык аракеттер (Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү, 132-беренесинин 1-бөлүгү).
Өспүрүмгө кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөр шектүүнү камакка алууну соттон суранмакчы.