Жылкы айдап бараткан 13 жаштагы балага чагылган түшүп каза болду

Тувада үйүр жылкы айдап бараткан 13 жаштагы балага чагылган түшүп каза болду. Бул тууралуу Орусиянын республика боюнча тергөө комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июль күнү болгон. Өспүрүм Кызыл-Кожагар шаарындагы (Жун-Хемчик району) чабандардын лагеринде болгон, ал жерде туугандарына жылкы кайтарууга жардам берип жүргөн. Саат 18:00 чамасында тууганы менен жаныбарларды айдап келгени барып, кайра келе жатканда чагылган тийип, ошол жерден жан берген.

Тергөөчүлөр баланын өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн процессуалдык текшерүү уюштуруп, соттук-медициналык экспертиза дайындашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан