Индонезиянын Түндүк Сулавеси провинциясынын жээгинде 280 жүргүнчүсү бар кемени ири өрт каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Интернетте тараган видеодон жүргүнчүлөр сактануунун жолун издеп, сууга секирип жатышканын байкоого болот.
Чет элди ЖМКлар кеме Талауд аралдарынан Түндүк Сулавеси провинциясынын борбору Манадону көздөй бара жатканын жана өрт Тализ аралына жакындаганда чыкканын жазышууда.
Окуя болгон жерге үч аскердик кеме жөнөтүлдү. Беш кишинин сөөгү суудан чыгарылды, анын ичинде кош бойлуу аял да бар. Кемеден 280ден ашык жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү эвакуацияланган. Борттогу адамдардын так саны белгисиз. Себеби такталууда.