Орусиянын прокуратурасы Владивостоктун көчөлөрүнүн биринде 15 жаштагы кыздын ачык люкка түшүп кеткени боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Приморск крайынын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн алкагында аталган аймакты кароого жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.
Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, окуя кечинде мектеп окуучусу досу менен үйүнө кайтып келе жатканда болгон. Кыз люктун ачык экенин байкабай калган. Жабырлануучу ичинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин маалыматына караганда, кыз бөйрөгүнөн жаракат алган.
Бир нече күн дарыгерлер органды сактап калуу үчүн күрөшүп, бирок бөйрөгүн сактап кала алышкан эмес. Акыркы маалыматтарга караганда, кыздын өмүрүнө коркунуч жок.