"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасынан сүрөт бөлүшүп, үй-бүлөсү жана жакындары менен күн өткөрүп жаткандыгын билдирди.
"Альхамдулиллах! Мен үйдөмүн! Кыргызстандамын! Аллага шүгүр!",- деп жазды ал.
Эске салсак, Нурбаев 2018-жылы Америкага барганын кабарлаган. Ал жакта мекендештер үчүн маданий иш-чараларды активдүү уюштуруп келди.