АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактарда жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн, Обаманын Ак үйдө ФБР агенттери тарабынан кармалган видеосун жарыялады. Видео "Эч ким мыйзамдан жогору эмес" деген жазуу менен коштолгон.
Белгилей кетсек, Барак Обама - АКШнын 44-президенти (2009–2017), бул кызматты аркалаган алгачкы афроамерикалык саясатчы. Ал 2009-жылы эл аралык дипломатияны чыңдоого кошкон салымы үчүн Нобель Тынчтык сыйлыгына ээ болгон.
Мунун алдында АКШнын чалгын кызматынын жетекчиси Обаманы Трампка каршы кутум уюштурган деп айыптаган. Айыптоого ылайык, Обама жана анын командасы атайылап чалгын маалыматтарын бурмалап, Трампка президенттик кызматын тынчын албастан аткарууга тоскоолдук жаратып, аны бийликтен кулатууга аракет кылышкан.
Мындан тышкары, мурдагы ФБР башчысы дагы Трампты өлтүрүүгө чакырык жасаган деген айып менен күнөөлөнгөн. Буга анын Instagram баракчасындагы жарыясы себеп болгон.