ӨКМ Ысык-Көлдө эс алууда эрежелерди так сактоого чакырды 

Ысык-Көлдө куткаруучулар күн сайын суу коопсуздук эрежелерин күчөтүлгөн тартипте эскертип жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик куткаруучулар көл жээгин жана суунун акваториясын атайы катерлер менен кыдыруу менен эс алуучулардын кооптуу жерлерге сүзүп баруусуна тыюу салып, көзөмөлгө алып жатышканын белгиледи.
Балыкчы шаарындагы №19 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн биринчи кароолунун команда башчысы, прапорщик Аскат Маратов көл жээгинде кичинекей балдар кароосуз калып, өспүрүмдөр коопсуздук эрежелерине маани бербегенин билдирген.
Белгилей кетсек, учурда ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы шаардык, райондук кызматкерлери ИИМдин Туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте коопсуздук иш чараларын жигердүү жүргүзүүдө.
Ысык-Көл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан