Экологияга зыян келтирген коррупциялык схема аныкталганын Ысык-Көл милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы 12-ноябрда “Дордой” базарындагы кампада мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү — жалпы салмагы 3 тонна 941 килограммды түзгөн, 3790 даана Кытай өндүрүшүндөгү синтетикалык браконьердик тор табылып, далил зат катары алынган. Ал Бишкек шаарынын тургуну Т.С. аттуу жаранга таандык болгон.
2023-жылы 24-февралда тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган синтетикалык торлор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын улук инспектору Т.И.ге тиешелүү документтердин негизинде расмий түрдө өткөрүлүп берилген.
Бирок 2025-жылы милиция тарабынан иликтөө иштер жүргүзүлүп, жогоруда көрсөтүлгөн синтетикалык торлор мыйзамсыз түрдө кайра жүгүртүүгө чыгарылганы аныкталган. Тактап айтканда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын улук инспектору Т.И. 2023-жылдын 24-февралында жок кылынууга тийиш болгон 3790 даанадан турган синтетикалык торду кайрадан Бишкек шаарына алып барып, Т.С. аттуу жарандын ишенимдүү өкүлүнө мыйзам бузуу менен, тиешелүү АКТ аркылуу өткөрүп бергендиги далилденген.
Учурда тергөө иштери уланууда.