Бишкекте коомдук жайда майда бейбаштык жасаган жарандарга карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Райондук милиция бүгүн, 21-июлда социалдык тармактарда Манас менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандардын урушуп жатканы тартылган видео тарары менен факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын белгиледи.
Натйыжада 23 жана 29 жаштагы жигиттер аныкталышып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде протокол түзүлгөн. Алар милицияга өз ара элдешип алышканын жана бири-бирине дооматтары жок экендигин билдиришкен.
Буга чейин социалдык тармактарда баласы бар колясканы сүзүп алган курьер менен урушуп жаткан жигиттин видеосу тараган болчу.