Жаратылыш министри Машиев Тоңдогу жейрендерди көрүп келди (фото)

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Ысык-Көл облусундагы "Жейрен-Ордо" борборуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, июль айынын аягына чейин аталган борбордо адаптациядан өткөн 25 жейрен жапайы жаратылышка жиберилет. Бардык жейрендер GPS-ошейниктери менен жабдылган.
"Бул алардын жүрүш-турушун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон коркунучтарга, анын ичинде браконьерлик аракеттерге ыкчам жооп берүүгө шарт түзөт",- деп билдирди министрлик.
Министр жейрендердин кармоо шарттары, аларды жаратылышка коё бериле турган аймак жана корголуучу жаратылыш аймагын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Буга удаа браконьерликтин алдын алуу маселесине көңүл бурулду.
Мекеме ушул жылдын аягына чейин жейрендердин саны 60 башка жетиши мүмкүндүгүн билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан