Улуу Британияда жүргүзүлгөн илимий изилдөөдө атайын окутулган иттер Паркинсон оорусуна чалдыккан адамдарды алардын тери үлгүлөрүнүн жыты аркылуу так айырмалап алгандыгы белгилүү болду. Изилдөөнүн жыйынтыктары Journal of Parkinson’s Disease илимий журналына жарыяланды.
Маалым болгондой, бул табылга ооруну эрте аныктоого үмүт жараткан маанилүү кадам болушу мүмкүн. Изилдөө Манчестер университети менен медициналык диагноз боюнча иттерди окутуучу бир уюмдун биргелешкен иши менен жүргүзүлдү.
Изилдөөгө катышкан эки ит — бири Голден Ретривер, экинчиси Лабрадор Паркинсон оорусуна чалдыккан бейтаптардан алынган теринин жытын сезип, аларды саламат адамдардан айырмалап чыкты. Бул процесс "эки тараптуу слеп тест" (double-blind) деп аталган илимий ыкма менен, башкача айтканда, иттерди окутуучулар дагы кайсы үлгү кимге таандык экенин билбеген шартта жүргүзүлдү.
"Иттердин туура аныктоо ылдамдыгы 70-80 пайыз ортосунда экенин байкайбыз. Бул ийгилик мүмкүнчүлүктөн алда канча жогору",- деп, иттер Паркинсондун жытын таанып алганын белгиледи Бристол университетинен жаныбарлардын жүрүм-туруму боюнча адис доктор Никола Руни.
Илимпоздор бул багытка көңүл буруунун себеби катары белгилүү бир адам окуясын айтышат. Шотландиялык медайым Жой Милн күйөөсүнө Паркинсон диагнозу коюлбай калганда анын денесинен өзгөчө жытты байкаганын айтты. Бир нече жылдан кийин жасалган пилоттук изилдөө Милндин жыт аркылуу оорууну аныктай алганын тастыктаган. Бул Паркинсондун жыттык биомаркер болушу мүмкүн деген ойду пайда кылды.
Иттердин жыт сезүү жөндөмү өтө өнүккөн. Мурдагы изилдөөлөрдө айрым иттер рактын, COVID-19дун жана стресстин белгилерин жыт аркылуу аныктай алгандыгы далилденген. Бул жаңы изилдөө Паркинсондун да жытка негизделген биомаркерге ээ болушу мүмкүн экенин тастыктады.
Изилдөөгө катышкан 10 иттин экөө гана тестти ийгиликтүү өттү. Алардын бири айрым саламат үлгүлөрдү ката менен Паркинсондуу деп белгилесе, экинчиси мындай катаны болгону 2 пайызга жасады. Бул ыкманын дагы да өркүндөтүлүшү керектигин көрсөтөт.
Изилдөөчүлөр иттер кайсы так жыт молекулаларын сезип жатканын аныктоого аракет кылып жатышат. 2019-жылы башка бир изилдөөдө Паркинсон оорусунда дененин жытын өзгөртүп жиберчү атайын химиялык бирикмелер аныкталган. Ошол молекулаларды колдонуп жасалган "жытка негизделген диагноз тести" азыр сыноо баскычында.
"Паркинсонду эрте аныктоочу так тест азырынча жок. Бирок белгилери диагноздон 20 жыл мурун пайда боло баштайт. Убакытында диагноз коюу абдан маанилүү",- деп изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи Medical Detection Dogs уюмунун башчысы Клэр Гест.