Нарын шаарында ири суммадагы акча опузалоо шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июлда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал таанышы 2023-жылдын декабрь айынан бери коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылып келгенин айткан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээси 2023–2024-жылдары шектүүгө жалпы 770 миң 669 сомду накталай жана банк аркылуу бергендиги аныкталган. Таанышы быйыл июль айында да андан 3,5 миллион сом талап кылган.
Шектүү кечээ, 21-июлда арыздануучудан 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери уланууда.