31-августта Көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
"Урматтуу көк бөрү күйөрмандары, оюнчулар жана командалар! Кудай буюрса, быйылкы жылы биздин улуттук сыймыгыбыз болгон көк бөрү боюнча эң жогорку даражадагы мелдеш - президенттин кубогу 25-жолу өтөт",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, быйыл 12-мартта Нооруз кубогунун биринчи күнүндө улакчылар кырсыктап, бир оюнчу каза болгон. Андан соң оюндар убактылуу токтотулган.