Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан №1 Солнышко бала бакчасы 0,19 гектар жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мүлк кезинде мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен. Текшерүү иштерин Базар-Коргон райондук прокуратурасы жүргүзгөн.
Прокурордук чаралардын негизинде наркы 12,3 миллион сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.