Өзбекстандык туристтердин Кара-Кой жайлоосундагы таштандыларды тазалап жүргөн видеосу тарады

Өзбекстандан келген эс алуучулар Кара-Кой жайлоосундагы таштандыларды терип, коомчулуктун алкоосуна калды.

Алардын айтымында, өзбек-кыргыз бир тууган, андыктан тазалыкка кам көрүп, туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу керек.

"Биз тазалабасак, ким тазалайт? Германиядан же Америкадан келгендер тазалап кетишпейт го. Бир тууган элбиз. Андыктан өзбек-кыргыз эли таштандылары жок туризми менен таанылышы керек", - деди алардын бири.

Ал эми экинчиси болсо эс алуучуларды таштанды таштабоого үндөп, колдорунда кап болбогондуктан болушунча тазалап түшүп бара жатканын билдирди.

Маалымат үчүн: Кара-Кой – Ош облусунун Ноокат районундагы арча-токойлуу табигый кооз аймак. Тоолордун түндүк жана түндүк-чыгыш капталдары арчалуу келип, деңиз деңгээлинен орточо 2500-2800 метр бийиктикте жайгашкан.

Таштанды терген туристтер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан