УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысынан анын ишмердүүлүгүн текшертүүгө уруксат алды.
Атайын кызматтын башчысы бүгүн, 22-июлда аталган айыл өкмөттө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулушун текшерүүгө барган болчу. Анда Ташиев айыл өкмөт башчысынын коррупциялык иштерге аралашпаганына кызыкты.
"Сени ушул Жалал-Абад облусундагы айыл өкмөттөргө үлгү кылып туруп, бир текшербейлиби? Кылган ишиңди текшерели, элден сураштыралы, анан жер сатып жиберген же мыйзам бузган болсоң жоопко тартыласың. Ушуга макулсуңбу? Эч кандай нааразычылыгың болбойбу?" - деди УКМК жетекчиси.
Масы айыл өкмөтүнүн башчысы ишмердүүлүгүн текшертүүгө макулдугун берди.