Чолпон-Ата шаарында өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында конок катары чакырылган казак ырчысы Димаш Кудайберген ырдады.
Ал сахнада ыр аткарып жатканда эки кичинекей кыз гүл алып чыгышып, ырчынын өзүнө бере алышкан жок. Димаш Кудайберген ырдап бүткөн соң кыздарды сахнага кайра чакырып, аларды кучагына кысты.
"Ушундай бөбөктөрүбүз аман болсун. Өмүрүбүздүн гүлдөрү болуп, жадырап жайнап жүрө беришсин. Өсө бергиле", - деди ал.
Айта кетсек, аталган эл аралык сынакта Димаш Кудайбергенге Кыргызстандын Эл артисти наамы ыйгарылды.