Ош шаарынын кире беришиндеги түнкү түстүү чырактар менен кооздолгон "Кыргыз көчү" дарбазасында концерттик программа болду. Бул тууралуу калаа башкармалыгы кабарлап, видео бөлүштү.
Маалымдагандай, 21-июль күнү кечинде уюштурулган иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, мекеме-ишкана жетекчилери жана шаар тургундары күбө болушкан. Токторбаев дарбазанын ачылышына старт берген.
Буга чейин "Кыргыз көчү" дарбазасы түнкү түстүү чырактар менен коздолгону жана атайын лазердик жарыктандыруу системи орнотулганы кабарланган.