Иран, Орусия жана Кытай Тегеранда өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү жана Иранга карата санкция маселесин карашты. Бул тууралуу Ирандын расмий IRNA маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үч өлкөнүн жогорку даражалуу дипломаттары АКШ жана Европанын Иран менен жүргүзүп жаткан өзөктүк сүйлөшүүлөрүн жана Иранга салынган санкцияларды талкуулоо үчүн Тегеранда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.
Тышкы иштер министрликтери арасында өткөн бул жыйында тараптар мындай форматтагы жолугушууларды алдыдагы жумаларда да ар кандай деңгээлде улантуу жөнүндө макулдашканы кабарланды.