Чүй облустук жол милициясы такси кызматынын айдоочуларын чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда 22-августтан тарта күчүнө кирип жаткан такси кызматын лицензиялаштыруу боюнча маалымат берилди.
Иш-чарага облустун аймагында такси кызматында алектенген фирмалардын жетекчилиги жана айдоочулар катышты.