Биз социалдык тармакта

Кеннединин ысымын алып жүргөн опера театрын Трамптын жубайынын атына өзгөртүү сунушталууда

АКШнын Республикалык партиясынын өкүлдөрү Жон Кеннеди атындагы опера театрын америкалык лидер Дональд Трамптын жубайы Меланиянын урматына өзгөртүүнү сунушташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Тиешелүү сунушту Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Айдахо штатынан келген республикачы Майк Симпсон киргизгени белгиленген.

"Биринчи айым Мелания Трамп Кеннеди борборунун Камкорчулар кеңешинин ардактуу төрайымы. Театрга анын ысымын ыйгаруу анын искусствого болгон сүйүүсүн сыйлоонун эң сонун жолу",- деди Симпсон.

Бирок кийинчерээк Айдахо штатынын Республикалык партиядагы өкүлү Лекси Хамел Трамп Конгресстин мүчөлөрүнө мындай өтүнүч менен кайрылбаганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан