Трамп Обаманы, Байденди жана Клинтонду чыккынчылыкка айыптай баштады

АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы президенттер Барак Обама, Жо Байден жана Хиллари Клинтонду чыккынчылыкка айыптады. Бул тууралуу мамлекет башчы Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, Трамп документалдуу далилдер бар деп ырастады.

Барак Обама 2009-жылдын 20-январынан 2017-жылдын 20-январына чейин эки мөөнөткө АКШнын 44-президенти болгон.

АКШнын 46-президенти - Жо Байден, ал өлкөнү 2021-жылдын 20-январынан 2025-жылдын 20-январына чейин башкарган.

Хиллари Клинтон АКШнын 67-мамлекеттик катчысы болгон, ал 2009-жылдан 2013-жылга чейин Обаманын администрациясынын тушунда бул кызматты аркалаган. 2016-жылы президенттик шайлоодо Дональд Трампка утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан