Японияда полиция 60 жаштагы Такехиса Миявакини анын 95 жаштагы апасынын өлүмүн жашырган деген шек менен кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аялдын жансыз денеси өлгөндөн соң он жылдан кийин гана табылган. Ушул жылдын май айында мамлекеттик кызматкер Миявакиден кызыктай жүрүм-турумун байкап, андан кийин ал жеке маалыматын көрсөтүүнү жана апасы тууралуу сүйлөшүүнү суранган. Такехиса жооп берүүдөн баш тартып, чиновниктин шектенүүсүн жаратты. Ал полицияга кайрылган, андан кийин алар Миявакинин үйүнө текшерүү үчүн келип, ажатканадан өлгөн аялдын сөөгүн табышкан.
Ал кишинин айтымында, ал социалдык фобиядан улам полицияга кайрылган эмес, "Тез жардам" чакырган эмес.
Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.