Димаш Кудайберген: "Эл артисти наамын казак элине болгон сый катары кабыл алдым"

Кыргыз Эл артисти наамын кыргыз элинин казак элине болгон сый-урматы катары кабыл алдым. Бул тууралуу казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

"Биринчиден, президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Кечээ берилген сыйлыкты кыргыз элинин казак элине көрсөткөн ызааты, сый-урматы катары кабыл алдым. Кыргыз элинин меймандостугуна жана өнөр ээлерине болгон мамилесине терең таазим этем",- деди Димаш Кудайберген.

Муну менен катар ал "Мейкин Азия" фестивалын жогорку деңгээлде уюштурган тараптарга да ыраазычылык билдирип, эки элдин маданий алакасын чыңдоого мындан ары да салым кошо берерин белгиледи.

Эске салсак, кечээ "Мейкин Азия" фестивалында казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган. Сыйлык боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан