Кытай сувенир тыңчыларынан кооптонууда

Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлиги жарандарга башка өлкөлөрдөн келген сувенирлер аркылуу байкоо жүргүзүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Чет элдик шпиондук жана чалгындоо агенттиктери жайгашкан жерди аныктай турган жана телефон тыңшоо функциялары менен байкалбаган майда нерселерге жабдууларды орноштурууга ынтызар болушу мүмкүн",- деп айтылат басылмада.

Мекеменин билдиришинче, мындай буюмдардын арасында рюкзактар, брелоктар, оюнчуктар жана башка аксессуарлар бар. Ал эми чиновниктер, жашыруун кызматтын кызматкерлери жана илимпоздор мындай чабуулдарга өзгөчө кабылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан