Бүгүн, 23-июль күнү Кыргызстан Кытай Эл Республикасынын жогорку даражалуу өкүлүн тосуп алды. Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
"Манас" эл аралык аэропортунда кытай делегациясын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутат Исхак Масалиев жылуу тосуп алышты. Бул сапар эки өлкө ортосундагы достук мамилени чыңдоого жана парламенттер аралык алакаларды бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.
Расмий жолугушууларда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Чжао Лэцзи эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттер жана чогуу ишке ашырылуучу долбоорлор тууралуу пикир алышмакчы.
Бул сапар кыргыз-кытай мамилелерине жаңы дем берип, өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт деген чоң үмүт бар.