Караколдо 26 жыл мурун менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, жалпы аянты 35 сотых бала бакчанын имаратын жана анын аймагын менчиктештирүү учурунда сметалык баасы 30 миллион 872 миң сомду түзгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Каракол шаарынын муниципалитетинин балансында турган имарат 1999-жылы мыйзам бузуу менен жеке колго өтүп кеткен.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын имараты жана анын аймагы ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын муниципалитетинин балансына өткөрүлгөн.