Дүйнөгө белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген кыргыз элинин "Күйдүм чок" ыры анын эң жакшы көргөн чыгармасы экенин билдирди. Бул тууралуу ырчы мырза Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында айтты.
"Кыргыздын өтө таланттуу калк экенин билем. Ошондой эле кыргыздын мурдагы замандан бери келе жаткан чыгармалары менен жакшы таанышмын. Чыгармачылыкта 26 жылдан бери кызматта болгондуктан бардык жактан кабардар болууга тырышам.
Кыргызча менин өзгөчө жакшы көргөн чыгармам - "Күйдүм чок" (ред.: сөзү, обону: Атай Огонбаевдики) деп аталат. Керемет!",- деди ырчы мырза.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда "Мейкин Азия" фестивалында ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган. Сыйлык ага боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.