Беш-Күнгөйдө мас абалында милициянын формасын айрып, телефонун талкалаган жигит камакка алынды

Аламүдүн районунда кызматтык милдеттерин аткарып жаткан милицияга каршылык көрсөткөн жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда милицияга Беш-Күнгөй айылындагы эс алуу жайынан чакыруу түшкөн. Анын негизинде жерине милиция кызматкерлери барышкан. Милиция кызматкерлери ал жактан мас абалында коомдук тартипти бузуп жаткан 26 жаштагы жигитти аныкташып, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан.

Бирок ал каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин биринин формасын айрып, телефонун талкалап салган. Мындан улам атайын багыттагы күч түзүмү чакыртылып, жигит Аламүдүн райондук милициясына жеткирилген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан