Бүгүн, 23-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Монгол лидерин өлкө башчы Садыр Жапаров өзү узатты.
Айта кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Жапаров менен Хурэлсухдун "Ынтымак ордодогу" жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду.
Кечээ, 22-июлда өлкө башчылар Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалынын финалдык бөлүгүнө күбө болушту.