Италияда жеңил учак унаа жолуна кулап түштү. Учактагы бир эркек менен бир аял каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, кырсык 22-июлда, A21 автожолунда болду. Окуя катталган учур жана андан кийинки жардыруу камерага түшүп калган.
Учурда каргашалуу окуянын себептери такталууда.