
Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну
О.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Алынган маалыматтарга караганда, Instagram социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы "Таластын смотрящий баласы" аттуу видео-ролик жарыяланды. Анда аталган жаран Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Бүт Кыргызстанды кармагым келет.... бирөө кыңк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.
Кармалган жаран УКТнын мүчөсү эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгондугу аныкталды. Ага жана анын жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
УКМК бүгүнкү күндө Таласта УКТнын мүчөлөрү жок экенинин эскертти.